ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Мугалимдер күнүнө арналган «Жүрөгүмдү балдарга арнайм» майрамдык иш-чарасы өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалады.


«Урматтуу билим берүү тармагынын кызматкерлери! Урматтуу мугалимдер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Мугалимдер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Мугалимдик кесип эң ардактуу, эң сыймыктуу кесип. Анткени сиздер келечек муундарын даярдап, аларга татыктуу билим жана тарбия берип, шаарыбыздын, өлкөбүздүн өнүгүшүнө зор салым кошуп жатасыздар.  Өлкөнүн келечеги Сиздердин ишиңиздерден көз каранды»,-деди мэр.


Андан кийин Албек Ибраимов жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мугалимдери арасында өткөрүлгөн «Жүрөгүмдү балдарга арнайм - 2016» конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды.


Конкурс бир нече номинацияда  эки этапта  өткөрүлдү.


Биринчи этап:


«Мыкты мугалим» номинациясында 1-орунга  - Абдыкеримова Самара Абдыкеримовна (Т.Сатылганов атындагы №69 ОТК гимназиясынын  немец тили мугалими), 2-орунга -  Акматбекова Аида Советбековна (№85 орто мектебинин башталгыч классынын мугалими,)  жана  Байжигитова Динара Акматовна   (№68 ОТК МГ башталгыч классынын мугалими), 3-орун - Говрющенко Оксана Николаевна  (№20 ОТК орус тил жана адабият сабагынын мугалими) ээ болду.

«Мыкты жаш мугалим» номинациясында 1-орунду–Жунусбекова Айгерим Кадырбековна (№7 орто мектебинин математика сабагынын мугалими),
2-орунду–Жумагазы уулу Баяз  (№ 91 мектеп-гимназиясынын тарых сабагынын мугалими) жана  3-орунду –  Лавринова Екатерина Вадимовна (№33 МГ «Адам жана коом» сабагынын мугалими)багындырды.

«Эң мыкты класс жетекчи» номинациясында 1-орун - Дуйшеева  Назим  Жолдошовнага (Ж.Сыдыков атындагы №84 мектебинин башталгыч классынын мугалими),
2-орун– Элебесова  Индира  Камчыбековнага  (№76 МЛ кыргыз тили жана адабият сабагынын мугалими) жана 3-орун– Курманбекова  Нураидага  Асаналиевна (№78 МГ кыргыз тили жана адабият сабагынын мугалими) тапшырылды.


«Мыкты тарбиячы» номинациясында 1-орунга – Асанахунова Астра Муратбековна (№184 мектепке чейинки билим берүү уюму),
2-орунга – Кенешчоро кызы Салтанат (№5 мектепке чейинки билим берүү уюму) жана 3-орунга   – Кадырова Асылкул Темирбековна (№2 мектепке чейинки билим берүү уюму) ээ болушту.

«Мыкты инновациялык мектеп»  номинациясында 1-орунду №68 ОТК МГ алды.

«Мыкты билим берүү уюму» номинациясында 1-орунду №82 жалпы билим берүү уюму, 2-орунду №21 орто жалпы билим берүү мектеби жана 3-орунду №77 Орто жалпы билим берүү мектеби багындырды.


«Мыкты мектепке чейинки билим берүү уюму» номинациясында 1-орун Свердлов районунун  №51 мектепке чейинки билим берүү уюму, 2-орунду – Ленин районунун №64 мектепке чейинки билим берүү уюму алды.


Экинчи этап:


«Инновациялык мектептин мыкты окуу кабинети» номинацмясында 1-орунду №31 мектеп гимназиясы (башталгыч мектебинин кабинети) жана №20 окуу-тарбиялык комплекси (башталгыч мектебинин кабинети) бөлүп алышты. 3-орунду №33 мектеп гимназиясы багындырды.


«Жалпы билим берүү мектептериндеги мыкты окуу кабинети» номинациясында 1-орунду - №87 орто мектеби, 2-орунду - №27 орто мектеби, 3,-орунду - №85 орто мектеби алды.


«Жалпы билим берүү мектептериндеги мыкты мамлекеттик тил кабинети» 1-орун №70 мектеп гимназиясы (Манас кабинети), 2-орун - №70 мектеп гимназиясы (Ч.Айтматов кабинети) алды.


«Мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы мыкты мамлекеттик тил кабинети» номинациясында 1-орун №5 мектепке чейинки билим берүү уюмуна, 2-орун - №1 мектепке чейинки билим берүү уюмуна, 3-орун - №173 мектепке чейинки билим берүү уюмуна тапшырылды.


Иш-чаранын соңунда мугалимдерге музыкалык театралдаштырылган көрсөтүү тартууланды.