ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Камкордук» рейди өткөрүлүүдө

Калаада Бишкек шаарынын ИИББ жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы «Камкордук» аталышта рейд өткөрүүдө.

ИИББ билдирүүсү боюнча, рейддин максаты мектеп курагындагы кайыр сураган, иштеген, оор турмуштук кырдаалга туш болгон балдарды, өспүрүмдөрдү аныктоо  болуп саналат.


Рейд Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрүнүн жана милиция кызматкерлеринин катышуусунда өтүүдө.


Ошондой эле үйбүлөлөрдү жана балдарды коргоо боюнча орган менен биргеликте оор турмашутук кырдаалга туш болгон өспүрүмдөрдүн жашоо шарттарын текшерүү жүргүзүлүүдө.


Аталган рейд үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин өткөрүлөт.