ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунда кезектеги жыйын өткөрүлдү

Биринчи май райондук администрациясынын жыйындар залында район башчысы Аскербек Алиевдин жетекчилиги алдында кезектеги коллегиянын жыйыны өткөрүлдү.

Жыйында «Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарын социалдык жактан колдоо жөнүндө» Бишкек шаардык кеңешинин токтомун аткаруу, мектеп курагындагы балдарды каттоо жыйынтыктары, ошондой эле 2016-2017-жж. жылытуу мезгилине даярдоо талкууланды.


Коллегиянын соңунда райондук билим берүү борборунун директоруна, МАБдардын башчыларына, мектептин директорлоруна  бекитилген токтом менен мектеп курагындагы өспүрүмдөрдү жана балдарды каттоо тартиби боюнча керектүү чараларды көрүү, МАБдардын жооптуу адистеринин иштерин системалоо, кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларына балдарды сапаттуу каттоо жүргүзүү тапшырылды. 2016-2017-жылдары күз-кыш жылытуу мезгилине мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарын даярдоо, ошондой эле оор турмуштук кырдаалдагы үйбүлөлөрдү, балдарды аныктоо боюнча иштерди өткөрүү, социалдык, психологиялык, медициналык жана материалдык кызматтарды көрсөтүүнү көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.


Коллегияга башчынын орун басарлары, МАБдардын башчылары, РИИБ башчысы, «Бишкекжылуулуккоммуналдыкэнерго» ишканасынын, «Бишкекжылуулуктармагы» ААК  өкүлдөрү,  билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана райондук түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери катышты.