ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Сары-Өзөн» базары ишке кирди

Бишкекте «Сары-Өзөн» чекене жана дүң жемиш базары ишке киргизилди.

Базардын ачылышында Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев катышып, шаар тургундарын базардын ачылышы менен куттуктап, базар администрациясы тазалык менен тартипке көңүл буруп, соодагерлер жана кардарлар үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзөт деген ишеничин билдирди.


Учурда 300 дөн ашык соода оруну ижарага берилди. Анын арасында  «Дыйкан» базарынын мурдагы сатуучулары дагы бар. Базарда кардарлар үчүн ыңгайлуу авто токтомо жасалган.


«Сары-Өзөн» жашылча-жемиш дүң базары  Фучик/Клубный көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.