Свердлов районунда көп балалуу энелер сыйланышты
- Подробности
- Опубликовано 29.09.2016 09:55
2016-жылдын 28-сентябрында Свердлов муниципалдык администрациясынын башчысы Самарбек Болотбековдун катышуусунда райондун аймагында жашаган көп балалуу энелерге "Баатыр эне" орденин жана "Эне данкы" медалын тапшыруу иш-чарасы болуп өттү.
Аталган иш-чарада жети же андан көп бала тарбиялап, өстүргөн 7 эне "Баатыр эне" орденине жана 6 бала тарбиялап өстүргөн 5 эне "Эне данкы" медалынын күбөлүктөрүнө ээ болушту. Ошондой эле район башчысы энелердин коомдогу жана өсүп келе жаткан муундарга тарбия берүүдөгү маанилүү ордун баса белгилеп, бекем ден-соолук, чыдамкайлык жана сабырдуулук каалап, энелерди жогорку мамлекеттик сыйлыктары менен куттуктады.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.04.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |