Бишкекте «Кыргызстан – менин мекеним» балдардын элдер достугу фестивалы өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 28.09.2016 11:48
Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында бүгүн 28- сентябрда Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган "Кыргызстан – менин мекеним!" аттуу элдер достугунун балдар фестивалы өткөрүлдү.
Балдар фестивалы элдер достугу парады, 2 миң мектеп окуучусу жана борбор шаардын балдар чыгармачылыгы борборлорунун тарбиялануучуларынын катышуусундагы концерттик көңүл ачуучу майрамдык программасы менен башталды. Фестивалга балдар ар кандай чебер-класстар менен катыша алышты.
Фестивал Тарых жана маданият жылынын алкагында өткөрүлдү.
Фестивалдын максаты – Кыргызстандагы ар кайсы элдердин достугу тууралуу окуучулардын элестетүүлөрүн кеңейтүү, балдар арасында достук өз ара мамилелерди чыңдоо, ар кандай улуттагы адамдарга сый-урмат көрсөтүүнү тарбиялоо болуп саналат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.04.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |