Ленин районунда карылар күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 28.09.2016 18:02
«Диалог» маданият үйүндө Эл аралык карылар күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Район башчысы Нурдин Тынаев улуу муундун өкүлдөрүн куттуктап, бекем ден соолук, узун өмүр каалады. Ошондой эле 15 «бриллиант» жана «алтын» түгөйлөргө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү. Жети жана андан көп баланы төрөп, тарбиялаган баатыр энелерге «Эне Даңкы» медалы жана «Баатыр Эне» ордени тапшырылды.
Майрамдык иш-чараны өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүп, жалпы суммасы 500 миң сомго 913 адамга («бриллиант» жана «алтын» түгөйлөргө, жалгыз бой карыларга, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана райондун узак жашоочуларына) бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү.
Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолду.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.04.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |