ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

29-сентябрда калаанын айрым райондорунда таза суу берүү токтотулат

«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 29-сентябрда саат 9:00дон 19:00го чейин калаанын айрым райондорунда таза суу берүү токтотулат.

«Северный» суу алгычынын оңдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу Куренкеев, Абдрахманов, Элебесов, Саадаев көчөлөрүндө, Ала-Арча суусунда, ошондой эле «Красный строитель» шаарчасында, «Көлмө», «Ак-Тилек», “Алтын-Бешик”, “Саламалик” конуштарындагы жеке курулуштарда, ишкана жана уюмдарда таза суу берилбейт.

Анын ичинде: «Химиялык завод», Чүй автобекеттер жана авто станциялар бирикмеси, Краснодонцев көчөсү 24 дареги боюнча Ички аскерлер башкармалыгы, АН биотехнология институту, «Электросила» кооперативи, «Хисар» ЖЧКсы, Фере көчөсү боюнча «Бишкектурбазасы» туркомплексинде, кургак учукка каршы шаардык ооруканада, М.Ганди көчөсү 158 «а» дарегинде жайгашкан Биринчи май районунун военкоматында, Васильев көчөсүндөгү «Бишкекжылуулукэнерго» казаныныда, Жаш Гвардия бульварында, Урицкий көчөсүндө,    №№18, 35, 33 орто мектептеринде, Панфилов көчөсү 310 дарегинедеги №12 бала бакчасында, «Бишкексууканал» башкармалыгынын атайы авто базасында суу берүү токтотулат.


«Бишкексууканал» башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана шаар тургундарын, мекеме жана уюмдарды таза суу камдап алуусун суранат.