ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы калаада таштанды өрттөөгө тыюу салат

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө Камчатский көчөсү 16 дарегинде жайгашкан «Айнур заводу» ААК айланасында таштандылар өрттөлүп жаткандыгын аныктады.

СЭИ инспекторлору тарабынан аталган заводдун директору Мащенко В.С. атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын таштандыларды өрттөбөөгө чакырат жана кургак тиричилик калдыктары башаламан ташталгандыгы тууралуу так дарегин көрсөтүү менен акимдердин орун басарларына билдирүү жиберүүлөрүн өтүнөт.


Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0709- 72-17-15;
Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябры району) — 0554 95-55-09;
Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 33-66-40;
Матмусаев Марат Аманович (Свердлов району) — 0555 44-71-54.