ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов району «Планетаны таштандылардан тазалайбыз» бүткүл дүйнөлүк акциясына катышты

Свердлов райондук администрациясынын кызматкерлери, анын ичинде акимиаттын жетекчилиги бейөкмөт уюмдар, МАБ, «Тазалык» МИ кызматкерлери менен биргеликте райондун бардык аймагында тазалоо иштерин өткөрүштү.

Ишембилик «Планетаны таштандыдан тазалайбыз» бүткүл дүйнөлүк акциясынын алкагында өткөрүлдү.


Бир нече саатта бир топ кургак тиричилик калдыктары чыгарылды.Ошондой эле Чоң Чүй каналынын жээгинен 50 баштык таштанды чогултулду. Свердлов райондук администрациясынын башчысы Самарбек Болотбеков аталган ишембиликке жигердүү катышты.