ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тазалык» МИ жер алдындагы өтмөктөрдү тазалоодо

«Тазалык» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарындагы жер алдындагы өтмөктөрдү жууп тазалоодо.

Ишкананын кызматкерлери Байтик Баатыр-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги, Лев Толстой көчөсү боюнча жана Чүй-Фучик көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктөрдү тазалоодо.


Күн ичинде өтмөктөр толтура таштандыга толуп, ар түрдүү сүрөттөр тартылууда. Ишкананын кызматкерлери тартылган сүрөттөрдү  химиялык эритмелер менен өчүрүп тазалоодо. Ошентсе да тартылган сүрөттөр өчүрүлбөй ишканынын кызматкерлери чыгара албай убара тартууда.


Бишкек шаарында жалпысынан 11 жер алдындагы өтмөктөр бар: Ленин районунда – 5, Октябрь, Свердлов, Биринчи май райондорунда 2ден өтмөк бар.


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын санитардык нормаларды сактоого, өтмөктөргө сүрөттөрдү тартпоого жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин эмгектерин сыйлоого чакырат.