ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Мэрия мамлекеттик тил күнүнө карата майрамдык иш-чараларды өткөрдү

«Жаштык» жаштар борборунда Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгы тарабынан Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара уюштурулду.

Иш-чарага Октябрь районунун окуучулары чакырылды. Чакырылгандар үчүн «Ак шоола» балдар борбору, «Сувенир» ансамбли жана «Алексис» жамааты жагымдуу чыгармаларды тартуулашты. Ошондой эле бардык каалоочуларга Борборлоштурулган китепканалар тармагы тарабынан  китептер көргөзмөсү уюштурулду.


Свердлов районунун «Учкун» конушунун №89 орто мектебинде Мамлекеттик тил күнү белгиленди. Майрамга КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын, райондук билим берүү борборлорунун өкүлдөрү, мектеп директорлору жана мугалимдер чакырылды. Иш-чарада муниципалдык администрациянын башчысы Самарбек  Болотбеков жалпы катышуучуларды мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө, анын коомдук турмушта кенен колдонулушуна салым кошуу тууралуу ойлорун билдирип, администрациянын атынан чакан белектерди тапшырды.


Аталган иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.