ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Кыргызстандагы эң чоң торт жасалды

Калаада  25-сентябрда КР Эгемендүүлүгүнүн жана «Куликовский торт» компаниясынын түзүлгөндүгүнүн  25 жылдыгына карата Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосунда шаар тургундары жана коноктору үчүн Кыргызстандагы эң чоң торт жасалды.

Аталган торттун көлөмү 100 чарчы метр, салмагы 2 тоннаны түзүп, 20 миң адамга ылайыкталып, Кыргызстандагы гана эмес Борбор Азиядагы эң чоң торт болуп эсептелинди.


Торттун бир кесими 25 сомдон сатылып, түшкөн каражат Улуттук онкология борборуна сызыктуу тездеткич сатып алууга жиберилет.


Ошондой эле иш-чаранын катышуучуларына кызыктуу концерттик программа тартууланды.