Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежесин бузгандар аныкталды
- Подробности
- Опубликовано 22.09.2016 16:22
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы калаанын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүп келет.
Кезектеги СЭИнин текшерүүсүндө Фучик көчөсү 1а дарегинде жайгашкан «Алтай» акча алмаштыруу жайынын айланасына инерттүү материалдар төгүлгөнү аныкталды.
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору тарабынан аталган жайдын ээси Болотбекова Б. атына таштандыларды чыгаруу, курулуш таштандыларын чогултууга жол бербөө эскертүүсү берилди.
Учурда аныкталган бузуулар четтетилди.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
25.04.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |