ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ санитардык нормаларды бузгандарга протокол түздү

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору Биринчи май районунун санитардык абалын текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө М.Ганди көчөсүндө жайгашкан ”G–Energy” май алмаштыруу жайы антисанитардык абалга жеткендиги, ошондой эле таштанды чыгарууга келишим түзүлбөгөндүгү, Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелери бузулгандыгы аныкталды.


СЭИ инчпекторлору тарабынан ”G–Energy” май алмаштыруу жайынын ээси Кыдыралиев Т.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Биринчи май райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.