ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Бүгүн, 22-сентябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан уюштурулган шаардык салтанаттуу азем болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мелис Жунушалиев куттуктап, эне тилди көздүн карегиндей сактоо керектигин белгиледи.

“Ар бир улуттун өзүнүн ыйык мурастары болот. Алардын эң башкысы бул –тили. Кылымдарды карыткан биздин элибиздин тарыхы, маданияты жана океандай “Манас” эпосун жараткан бай кыргыз тилибиз бар. Мамлекеттик тилибизди көздүн карегиндей сактап, улам байытып, өнүктүрүү ар бирибиздин алдыдагы милдетибиз! Мамлекеттик тилибиз ак мөңгүлүү Ала-Тообузда, берекелүү кыргыз жергебизде жашаган көп улуттун өкүлдөрүн бириктирген ынтымак жана достуктун тили болсун! Өлкөбүздө тынчтык болуп, эне  тилибиздин келечеги кең болсун! Кыргызстандын ар бир жараны мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө, анын коомдук турмушта колдонулушуна салым кошолу”,-деди аппарат жетекчиси.

Салтанатка Бишкек шаардык кеңештин төрагасы А. Кененбаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Э.Эрматов, Республикалык “Кыргыз тили” коомунун  төрагасы Р.Курбанов ж.б. ардактуу меймандар катышты. Ошондой эле жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүүчү “Мамлекеттик тилде иш жүргүзгөн мыкты мекеме, мыкты адис”, “Мамлекеттик тилди окутуунун мыкты иштелмеси” сынактарында алдыңкы орундарга ээ болгон жеңүүчүлөргө, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошкон алдыңкы жетекчилерге, кызматкерлерге, мугалимдерге төмөнкү сыйлыктар тапшырылды жана иш-чара майрамдык концерт менен жыйынтыкталды.

Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларына, билим берүү борборлоруна “Кыргызстан” энциклопедиясы 4 томдук, “Орусча-кыргызча сөздүк” (К.Юдахин) китептери, райондук билим берүү борборлоруна, муниципалдык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарына кыргыз алфавити жайгашкан компьютер клавиатуралары белекке тапшырылды.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын ишке ашырууга салым кошкон шаардык мекеме-уюмдардын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, Республикалык “Кыргыз тили” коомунун төш белгилери жана Ардак грамоталары менен, Бишкек шаардык кеңештин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары жана сыйлыктары менен сыйланды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн арасында 2016-жылы өткөрүлгөн “Мамлекеттик тилде иш жүргүзгөн мыкты мекеме, мыкты адис” сынактарынын жыйынтыгы боюнча алдыңкы орундарды ээлегендерге Ардак грамоталар тапшырылып, “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору, Ч.Айтматов 8 томдук,  “Кыргыз жери” картиналары, сувенирлер, сааттар, кыргыз алфавити жайгашкан компьютер клавиатуралары ж.б. белектер берилди.

Ошондой эле 2016-жылдын 21-23-сентябрь күндөрү мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарында, мекеме-ишканаларда 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп жаткандыгын белгилеп кетүү керек.

Борбор шаарыбызда мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатат. Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн расмий тилдүү жетекчилери жана кызматкерлери үчүн кыргыз тилин үйрөтүү, жалпы муниципалдык кызматкерлер үчүн иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окуу курстар жана семинарлар уюштурулуп, усулдук жардамдар берилип, мекеме-уюмдар орусча кыргызча сөздүктөр, сүйлөшмөлөр, кыргыз тилиндеги адабияттар жана башка тиешелүү усулдук колдонмолор, о.э. кыргыз ариби жайгашкан компьютер клавиатурасы менен камсыз болуп жатышат.