ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Аварияга байланыштуу калаанын айрым райондорунда таза суу токтотулат

«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, Түгөлбай-Ата көчөсүндөгү  Д=500 суу алгычында 2016-жылдын 21-сентябрында авариялык абал катталды.

Авариялык-оңдоо иштерин өткөрүүгө байланыштуу Абдрахманов, Бөкөнбаев, Тынчтык, жана Кулатов көчөлөрүндө, темир жолдун катары, Фучик көчөсү жана Чүй проспектисинде таза суу берүү токтотулду.


Мындан тышкары, Ала-Арча суусунда, Чүй жана Манас проспектилеринде, темир жолдо  таза  суунун басымы төмөндөйт. Түтүктөрдү оңдоо үчүн башкармалыктын атайы техникалары жана жумушчулары тартылды.


Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын, мекеме жана уюмдарды таза суу камдап алуусун суранат.

Авариялык абал жакын арада жоюлат.