Москвадагы өрттөн каза болгондордун элесине арналып чоң жалбырактуу дарактар отургузулат
- Подробности
- Опубликовано 20.09.2016 10:47
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынын демилгеси жана колдоосу менен Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишине Москвадагы өрттөн каза тапкан кыргыз жарандарынын элесине арналып чоң жалбырактуу 18 дарак отургузат.
Аталган жерде Бишкек шаарынын вице-мэр Эркинбек Исаков, Ленин районунун акими Нурдин Тынаев, демилгечи топтун мүчөсү Нурия Чойбаева жана Нурила Чекированын катышуусунда жумушчу жыйынт өткөрүлдү.
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов активисттердин социалдык тармактарда көтөрүп чыккан идеясын колдоого алып, көчөт отургузуу тапшырмасын берген.
Жолугушуунун жүрүшүндө өрттөн каза тапкан кыргыз жана РФ жарандарынын элесине арналган 18 даракты 22-октябрда отургузуу пландалды. Каражат мэриянын бюджетинен каралат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
25.04.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |