ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Эс алуу күндөрү «Күзгү Бишкек» иш-чарасы өткөрүлдү

17-сентябрда  калаанын сейил бактарында Бишкек шаарынын мэриясынын Мааданият башкармалыгы КР Тарых жана маданият жылына карата «Күзгү Бишкек» иш-чарасын өткөрдү.

Иш-чаранын максаты – шаардыктардын маданияттуу эс алуусун уюштуруу болуп саналат. Иш-чарага чыгармачылык жамааттар, маданият үйлөрү, маданият башкармалыгынын алдындагы борборлоштурулган китепканалар тармагы катышты.


«Ата-Түрк» паркында «Жашоонун күзү» аталышта улуу муундар үчүн эс алуу кечеси, ал эми «Диалог» маданият үйүндө   “Сувенир” элдик ансамблисинин концерти өткөрүлдү.


 «Асанбай» паркында ушу спортчуларынан спорттук көрсөтүүлөрү, «Йога» боюнча мастер-класстар, “Кыргыз Руху” фольклордук ансамблисинин концерттик программасы менен «Жүрөктөгү ырлары» тартууланды.


Жаш Гвардия бульварында «Окуу убактысы» китептер көргөзмөсү өткөрүлдү.


Панфилов паркында үйлөмө аспаптар оркестри «Күзгү жалбырак» аталышта концерттик программасын тартууламак. Бирок, парктын жетекчилиги тарабынан иш-чарага колдоо болбогондуктан музыканттар чыгармаларын тартуулай алышпады.