ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ эреже бузгандарды аныктоону улантууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору Ленин районунун «Чоң-Арык» айылынын санитардык абалын текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кожобергенов көчөсүндөгү үйлөрдүн жашоочулары тарабынан белгиленбеген жерге курулуш таштандылары чогултулуп, Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелери бузулгандыгы аныкталды.


СЭИ инспекторлору тарабынан жеке үйлөрдүн ээлерине таштандыларды чыгаруу, курулуш таштандыларын белгиленбеген жерге таштоого жол бербөө эскертүүсү берилген. Учурда бузуулар четтетилди.


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын тазалыкты сактоого жана Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин бузбоого чакырат. Эреже бузуу жана таштанды чогултуу фактылары аныкталган учурда төмөнкү номерлер аркылуу кайрылсаңыздар болот:


- Ленин району боюнча СЭИ инспектору  Үмөталиев  Эсен Шекербекович -0556 24-24-74;


- Октябрь  району боюнча СЭИ инспектору    Аильчиев Арсен Саринжиевич – 0553 77-57-75;


- Биринчи май  району боюнча  СЭИ инспектору  Макешов  Нурдин Нарынбекович - 0558 09-59-99;


- Свердлов район боюнча СЭИ инспектору  Шакиров  Алимат  Каныбекович – 0703 00-01-27.