Шаардын сейил бактарында «Күзгү Бишкек» иш-чарасы өткөрүлөт
- Подробности
- Опубликовано 16.09.2016 08:48
17-сентябрда Бишкек шаарынын мэриясынын Мааданият башкармалыгы КР Тарых жана маданият жылына карата «Күзгү Бишкек» иш-чарасын өткөрөт.
Иш-чаранын максаты – шаардыктардын маданияттуу эс алуусун уюштуруу болуп саналат. Иш-чарага чыгармачылык жамааттар, маданият үйлөрү, маданият башкармалыгынын алдындагы борборлоштурулган китепканалар тармагы катышат.
«Ата-Түрк» паркында саат 15:00до «Жашоонун күзү» аталышта улуу муундар үчүн эс алуу кечеси, ал эми саат 16:00до «Диалог» маданият үйүндө “Сувенир” элдик ансамблисинин концерти өткөрүлөт.
«Асанбай» паркында саат 15:00до ушу спортчуларынан спорттук көрсөтүүлөрү, «Йога» боюнча мастер-класстар, саат 16:00до “Кыргыз Руху” фольклордук ансамблисинин концерттик программасы тартууланат.
Жаш Гвардия бульварында саат 15:00до «Окуу убактысы» китептер көргөзмөсү өткөрүлөт.
Панфилов паркында саат 16:00до үйлөмө аспаптар оркестри «Күзгү жалбырак» аталышта концерттик программа тартуулайт. Андан кийин вальс, марштар, жаз композициялары,70-80-жылдардагы эстрада ырлары жаңырат жана «Вальс бийлегенди үйрөнөбүз» мастер-классы өткөрүлөт.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун күзгү майрамга чакырат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
25.04.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |