ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов районунда мыйзамсыз орнотулган соода объектилери алынды

Свердлов райондук администрациясы Свердлов районуна караштуу түндүк айланып өтүүчү жолдогу 20 мыйзамсыз орнотулган жеңилдетилген типтеги объектилерди алды.

Алуу иштери архитекторлор, милиция кызматкерлери жана  жергиликтүү аймактык башкармалыктар менен биргеликте жүргүзүлдү. Алуу иштерине чейин күркөлөрдүн ээлерине түшүндүрүү иштери өткөрүлгөн. Жакынкы убакта райондун аймагындагы бардык мыйзамсыз объектилер алынып, андан кийин МАБдардын кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп турат.


Бардыгы 22 объекти алынып салынды. Аталган багыттагы иштер улантылууда.