ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жакында калаанын түштүк бөлүгүндө веложол ачылат

Бишкек шаарынын мэриясынын «Ачык мүмкүнчүлүктөр шаары» өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында велоспорт сүйүүчүлөрү үчүн веложолдор курулууда.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Жукеев-Пудовкин — Токомбаев — Байтик баатыр көчөлөрү менен чектешкен айлампа веложол курууда. Веложолдун  узундугу 1,5 чакырым, туурасы 3 метрди түзөт. Бүгүнкү күндө 400 метрден ашык веложол бүткөрүлүп,  асфальт төшөлүүдө. Жалпысынан веложол курууга бюджеттен 7 млн.сом каралган. Куруу иштерин 29-июлда башталып, сентябрь айынын аягына чейин бүткөрүлөт.


Мындан тышкары, «Бишкекасфальтсервис» ишканасы  Лев Толстой менен Жумабек Ибраимов көчөлөрүндөгү көпүрөлөрдү оңдоо иштерин баштады.


Ишкананын акыркы маалыматтары боюнча, Ибраимов көчөсүнүн чыгыш жана батыш тарабында оңдоо иштерин жүргүзүлдү. Учурда Ибраимов  көчөсүнүн  чыгыш тарабы (Лев Толстой көчөсүнө чыккан жагы) ачык. Батыш тарабын жакын арада ачуу пландалууда.