ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Айт намаз калаанын эски аянтында окулат

Курман айт майрамына карата окула турган айт намазы 12-сентябрда калаанын эски аянтында өткөрүлөт.

Намаз эртең мененки 6:45 те башталып, 8:30 га чейин уланат. Буга байланыштуу Тыныстанов, Чүй, Панфилов жана Фрунзе көчөлөрү кесилишкен чарчы аймакта автоунаалардын кыймылына чектөө киргизилет.


Бишкек шаарынын мэриясы айдоочулардын унаасын аталган аймактан тышкары токтотуп, коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.


Шаардык кызматтары иш-чарага даярдоо иштерин жүргүзүүдө. Бишкек шаарынын ИИББ ПМБ жана КР УКМК ШБ кызматкерлери намаз учурунда шаар тургундарынын коопсуздгун камсыздайт. Ошондой эле медициналык тез жардам жана өрткө каршы кызматтары күзөттө турушат.