Бишкектик тез жардам тобу Кырчын жайлоосунда этно-фестивалдын 530 коногуна медициналык жардам көрсөттү
- Подробности
- Опубликовано 07.09.2016 15:45
Кырчын жайлоосуна 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин өткөрүлүп жаткан этно-фестивалда квалификациялуу медициналык жардам менен камсыз кылуу үчүн Бишкек шаарынан он жети дарыгер келип, 530 конокко тез жардам кызматын көрсөтүштү. Кырчын жайлоосунун аймагында медициналык жардам көрсөтүү үчүн күнү-түнү 6 кезмет иштеп жатат.
Тез жардам тобу Бишкек шаарынын тез жардам станциясынын, Улуттук госпиталдын, Улуттук кардиология борборунун, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун дарыгерлеринен жана шаардык спорттук медицина адистеринен түзүлдү.
Бир нече адам Чолпон-Атанын аймактык ооруканаларына жана Ананьево айылындагы жалпы дарыгерлик борборуна жаткырылды. 4 адам жаракалар менен: үч адам бутун, бир адам колун сындырып алган. 3 адам аппендицит жана эки адам инсульт менен ооруканага жаткырылды. Мындан тышкары, температура, суук тийүү жана тиш оорулар менен кайрылышты.
Бүгүн, 7-сентябрда дарыгерлер Монголиядан келген спортчуга биринчи жардам көрсөтүштү. Учурда спортчу Ананьево айылындагы жалпы дарыгерлик борборуна жаткырылды.
Дарыгерлер тобу күнү-түнү медиципалык кызмат көрсөтүүдө.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
25.04.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |