ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкектик команда «Тарыхый экспонаттар» номинациясында Гран-Прини алышты

Кырчын жайлоосунда экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында этно-фестивалдын жабылыш өтүүдө. «Бишкек ордо» этно – шаарчасы  өзүнүн ишин жыйынтыктоодо.

Төрт күндүн жыйынтыгы боюнча калыстар тобу тарабынан ар түрдүү номинациядагы жеңүүчүлөр аныкталды.


«Бишкек ордо» этно-шаарчасы үч номинацияда орун алды. Шаарчадагы боз үйлөрдү тартуулагандыгы үчүн «Тарыхый экспонаттар»  номинациясында Гран-Прини утуп алды. «Нооруз» майрамы жөнүндө театралдаштырылган көрсөтүү үчүн «Салттар» номинациясы боюнча 1-орунду жана «Мыкты боз үй» номинациясында 2-орунду багындырды. Ошондой эле шаардык мэрия этно-фестивалга жана этно-шаарчага жигердүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын премьер-министринен 300 миң сомго диплом алды.


Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы этно-шаарчанын айланасына көчмөн кыргыздардын жашоосун чагылдырган боз үйлөрдү  тиккен. Ар бир боз үйдө кыргыз элинин салты, жашоосу, тарыхы, жашаган доору чагылдырылган. Бир боз үйдө таш доорундагы көчмөндөрдүн жашоосу, экинчисинде улуттук салттар жана баланын төрөлүшү, бешикке салуу, үчүнчүсүндө байыркы мезгилдеги шайлоо, төртүнчүсүндө мергенчинин үйү жана «Таш-кордо» улуттук тамагы менен конокторду сыйлоо, ал эми бешинчи боз үйдө Кыргызстандын белгилүү залкарлары Саякбай Каралаев, Чыңгыз Айтматов ж.б. сүрөттөрү илинип, заманбап жасалгаланган.


Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан этно-шаарчанын айланасына кыргыз көчмөн элинин жашоосун, тарыхын чагылдырган 25 боз үй тигилген.