ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматтары Кырчын жайлоосунда жана Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо оңдоо иштерин өткөрүүдө

«Тазалык», «Жашылдандыруу курулуш», «Бишкексвет» шаардык муниципалдык кызматтары Кырчын жайлоосунда жана Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

«Жашылдандыруу курулуш» МИ кызматкерлери ипподромдун имаратынын алдына гүлдөрдү жана газондорду отургузуу иштери менен алектеништи. «Тазалык» МИ кызматкерлери имараттын жээгине темир тосмолорду орнотушту. Ал эми «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын адистери Кырчын жайлоосундагы «Бишкек ордо» этно-шаарчасына үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууда.


Ошондой эле шаардык райондук администрациялардын жана Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын кызматкерлери техникалык колдоо көрсөтүүдө.
Этно-шаарчанын расмий жабылышынан кийин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаарчанын айланасын тазалашат.