ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык мэрия карылар үй-интернатындагы жашоочулардын жашоо шарттарын жакшыртууда

Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык стационардык мекемеде жашоочулардын жашоо шарттарын ыңгайлаштыруу боюнча иштерди баштады.

2015-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан убактылуу туруучунун шарттарын жакшыртуу үчүн 1 млн.сом бөлүнгөн. Бөлүнгөн каражатка эмерек жана керектүү буюмдар сатылып алынды. Ошондой эле Биринчи май райондук администрациясынын жана демөөрчүлөрдүн колдоосунда интернатты оңдоо иштери жүргүзүлдү. 400 миң сомго корпустун дубалы оңдолуп, пандус орнотулду жана экинчи кабаттагы бөлмөлөр оңдолду.


90 көчөт, 40 бадал жана гүлдөр отургузулду. Интернаттын айланасын көрктөндүрүү жана тургундардын жашоо шарттарын ыңгайлаштыруу боюнча иштер улантылууда жана дайыма райондук администрациянын көзөмөлүндө турат.


Маалымат: Бишкек шаардык карылар үчүн үй-интернаты 1961-жылдан бери иштеп келет. Октябрь айында 55 жашка толот. Бул жылдар аралыгында өлкөнүн 13 миң жараны кабыл алынган. Жыл сайын райондун бюджеттентжалпы суммасы 20 млн.сомго каржыланат жана мекеме 300 адамга ылайыкташтырылган.


Мекеменин тургундарына үч маал акысыз тамак, мончо, медициналык текшерүүдөн өтүү, кийим менен камсыз кылуу кызматтары көрсөтүлөт. Бүгүнкү күндө аталган жерде 190 адам жашайт.