ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы дагы бир гүл бакчаны көрктөндүрдү

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгынын алдында Ахунбаев жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишине 2005-жылдын 24-мартындагы окуяга арналган жаңы гүл бакча курулду. Аталган бакчада шаар тургундары жана коноктору бош убактыларында эс алышат.

Гүл бакчага отургучтар орнотулуп, бактар, гүлдөр отургузулду, тротуарлар төшөлдү жана жарык бергичтер орнотулду.


«Жашылдандыруу курулуш» МИ маалыматы боюнча, атайын Германия, Польшадан алынып келинген клен жана бөрү карагаттын көчөттөрү отургузулду.