ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Урматтуу окуучулар! Урматтуу мугалимдер жана ата-энелер!

Сиздерди Билим күнү жана жаңы окуу жылынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм!

Бишкек шаарынын мэриясы билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруп келет. Биз дайыма мугалимдерге жардам берүүгө аракет кылабыз. Ошондой эле жаңы мектеп, бала бакчаларды куруунун үстүндөбүз. Бүгүнкү күндө «Калыс-Ордо», «Ак Ордо» конуштарында, Жал кичи районунда  заманбап мектептер курулууда. Жакында «Арча-Бешик» конушунда курулуп бүткөн спорт комплексин ачабыз. Ошондой эле бир нече бала бакчаларды куруп жатабыз. Бул иштер аздык кылат, бирок бизде жакшы пландар, жакшы долбоорлор бар. Биз аларды аткарабыз, аларды ишке ашырабыз.


Сиздерге бекем ден соолук, окууларыңарга ийгиликтерди каалайм.


Бишкек шаарынын мэри
Албек Ибраимов.