ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте кайрадан санитардык нормалар бузулууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору калаанын санитардык абалын текшеришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Курманжан Датка көчөсү №5 дарегинде жайгашкан тигүү цехинин кызматкерлери тарабынан жолдун жээгине таштандылар чогултулуп, санитардык нормалар сакталбагандыгы жана Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелери бузулгандыгы аныкталды.


Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан тигүү цехинин директору Кудайбергенов С. атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.