ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы белгиленүүдө

Бүгүн, 31-августта борбордук «Ала-Тоо» аянтында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин, КР премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун катышуусунда  Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара, аскердик парад өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кыргыз элин өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы менен куттуткап, өлкөнүн 25 жылдык тарыхына токтолду жана элибизге тынчтык, бейкутчулук каалады.

Андан кийин шаардыктарга  аскерлердин  майрамдык жүрүшү, аскердик техникалар жана авиациялар көрсөтүлдү.

Ошондой эле Эгемендүүлүк күнүнүн урматына калаанын эски аянтында Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын, Кыргызстан элдер ассамблеясынын майрамдык иш-чаралары, көргөзмөлөрү жана спорттук мелдештери өткөрүлүүдө.

Кечинде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган кыргыз эстрада жылдыздарынын майрамдык концерти өткөрүлөт.

Көз карандысыз Кыргызстан 1991-жылы 31-августта Эгемендүүлүгүн алган.