ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте спорттук багыт алуу боюнча ачык биринчилик өткөрүлөт

Калаада Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган спорттук багыт алуу боюнча ачык биринчилик өткөрүлөт.

Мелдеш 31-августта Ала-Тоо аянтында жана Эркиндик бульварында өтөт. Катышуучулар мамлекеттик тарых музейинин имаратынын алдында жолугушат.


Спорттук багыт алуу боюнча мелдеш төмөнкү жаш курактар арасында өтөт:


Балдар жана кыздар – (2004-ж.т. жана андан кичүү); (2002 жана 2003-ж.т.); (2000 -2001-ж.т.); (1998 – 1999-ж.т.);


Эркектер жана айымдар – (1976-1997-ж.т.); (1975-жылы туулгандар жана андан улуулар).


Катышуучулардын саны чектелген эмес. Бардык каалоочулар катыша алышат.


Аталган иш-чара Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана Кыргызстандын спорттук багыт алуу федерациясы тарабынан уюштурулууда.