ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ала-Тоо аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөнүн ачылышы өттү

Борбордук Ала-Тоо аянтында 26-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөнүн ачылышы өттү.

Көргөзмөгө кыргызстандын белгилүү сүрөтчүлөрүнүн өлкөнүн тарыхый окуяларын чагылдырган сүрөттөрү коюлду. Бишкек шаарынын мэриясы аянттын батыш тарабына сүрөт иштерин жайгаштыруу үчүн 25 куту орнотту. Кийин бул кутуларга Бишкек шаарынын мэриясынын расмий маалыматтары жайгаштырылат. Көргөзмө 10-сентябрга чейин улантылат.


Сүрөт көргөзмөнүн ачылышына КР президентинин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов катышты.