ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ленин районунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясы Жаш Гвардия бульварында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өткөрдү.

Иш-чарада шаар тургундарына көркөм өнөр көргөзмөсү, мэриянын Маданият башкармалыгынын артисттеринин, Кыргызстан элдер ассамблеясынын, чыгармачыл топтордун жана жаш аткаруучулардын концерттик программасы тартууланды. Балдар үчүн мастер – класстар жана спорттук мелдештер көрсөтүлдү.


Район башчысы Нурдин Тынаев шаар тургундарын жана конокторун Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы менен куттуктап, өлкөбүзгө тынчтык, туруктуулук, ар бир үйгө бакубат жашоо каалады.


Урматтоо менен, Бишкек шаарынын мэриясынын басма-сөз кызматы