«Тазалык» МИ эстеликтерди жууп тазалоодо
- Подробности
- Опубликовано 22.08.2016 15:38
«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы эстеликтерди жууп тазалоодо.
21-августта Уркуя Салиеванын айкели ар кандай жазуулардан тазаланды. Кызматкерлер айкелдеги аэрозоль жана канцелярдык боёктор менен жазылган жазууларды кетирүү үчүн аны бир нече саат бою жуушту.
22-августта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы Манастын айкели жуулду.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун маданий жана муниципалдык объектилерге этияттык менен мамиле кылууга, коомдук жайларда маданияттуулукту сактап, бейбаштык тууралуу укук коргоо органдарына маалымдоого чакырат. Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!
Урматтоо менен, Бишкек шаарынын мэриясынын басма-сөз кызматы
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
20.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |