ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы Аска-Таш архитектуралык комплексин жаңылады

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын дарбазасы болуп саналган шаарга кире бериштеги Аска-Таш комплексин көркөм жасалгалоо боюнча иштерди бүтүрдү.

Комплексти жасалгалоодо жаңы саймалуу таш (петроглифтер) мотиви колдонулду. Бул мотив "Аска-Таштагы" тоолордун ансамблин толуктап турат. Петроглифтер полиэстрден жасалып, контурдук жарык берип турат. Күндөй болуп жасалган элемент тазаланып, алтын түскө боёлгон, түнкүсүн жарык берип туруу үчүн 24 даана линзасы менен прожекторлор орнотулду.


«БИШКЕК» жазуусу жаңыдан жасалып, 1,5 метр бийиктикте орнотулуп, кечкисин прожекторлор жана стробоскоптор менен жарыктандырылып турат.
Ошондой эле фонтандар жана аларды жарыктандыруучу лампалар оңдолду.


Жасалгалоо долбоорун башкы сүрөтчү Болот Усубалиевдин жетекчилиги алдында  "Бишкекбашкыархитектура" ишканасынын архитекторлору Сыймык Рыспек уулу, Ч.Сатаркулов, скульптор-монументалисттер Э.Осмоев, У.Жанузаков ишке ашырылды.