ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата Ала-Тоо аянтын оңдоодо

Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата Ала-Тоо аянтын көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы тарабынан жарык берүүчү плафондорду алмаштыруу, 62 даана прожекторлорду орнотуу жана «Илбирс» имаратынын кире беришин сырдоо иштери жүргүзүлүүдө. «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 9 миң 486 кв.м. аянттагы газонду тегиздеп, 60 кв.м. гүлдөрдү жана 70 кв.м. бадалдарды отургузушту.


Ошондой эле борбордук аянтка гүлдөрдөн саат орнотулууда.


«Бишкексууканал» башкармалыгынын кызматкерлери фонтандарды жууп, оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Ал эми «Бишкекасфальтсервис» МИ таман таштарды жана граниттик плиталарды алмаштырууда. «Тазалык» ишканасы отургучтарды жана таштанды урналарын даярдоодо.


Өлкөнүн башкы аянтын көрктөндүрүү иштери 31-августка чейин бүткөрүлөт.