ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы жаңы гүл бакчаны көрктөндүрүүдө

Бишкек шаарынын мэриясы Ахунбаев – Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги 2005-жылдын 24-март окуяларына арналган гүл бакчаны көрктөндүрүүнү улантууда.

«Бишкекбашкыархитектуранын» эскиздик долбоору боюнча гүл бакчага фонтандар, отургучтар орнотулуп, шаар тургундары үчүн гүлдөр жана бактар отургузулат. Гүл бакчанын аянты 0,9га түзөт.


Көрктөндүрүүнүн алкагында муниципалдык кызматтар гүл бакчага 486 куб.м. кум алып келип, 2860 кв.м. тегизделди. Ошондой эле 2000 кв.м. сугат системасы, 8 канализациялык люк орнотулду. 1300 кв.м. жерге  брусчатка төшөлүп, тротуарлар салынды, 9 жарык берүүчү шамдар орнотулуп,  45 түп бадал жана 24 062 даана бир жылдык гүлдөр отургузулду.


Мурда белгиленгендей, гүл бактын курулушун президенттин фондусу каржылайт. Шаардыктар бул гүл бакчада сентябрь айынан тарта эс ала алышат.