ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов калааны кыдырып, жолдорду оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов 15-августта «Аска-Таш» комплексинин, батыш автобекетинин, «Көлмө» жаңы конушунун, ошондой эле Ала-Тоо аянтынынын курулуш иштерин текшерди.

Кыргызстанда өтүүчү КМШ мамлекет башчыларынын жыйынына, Түрк тилдүү мамлекет башчыларынын кеңешине даярдыктарды көрүүнүн алкагында өткөрүлүп жаткан көчмө жыйынга шаардык кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары катышты.


Калаа башчысы Албек Ибраимов "Манас" аэропортуна кетчү унаа жолунун жана Жибек-Жолунун Батыш автобекетинен Фучик көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жолдун четин тосууну тездетүүнү тапшырды. Ошондой эле Көлмө конушунун Теңдик көчөсүн асфальттоону жана көчөгө светодиоддук  жарыктандыргычтарды орнотууну буйруду.


Ал эми райондук администрациялардын башчыларына оюн-зоок жайларынын,  дүкөндөрдүн, курлуш компанияларынын жетекчилерине өздөрүнүн объектилеринин сырткы көрүнүшүн жакшыртууну талап кылууну тапшырды.