ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов куруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында КР куруучулар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Калаа башчысы Албек Ибраимов курулуш тармагында иштеген түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, Бишкек шаарынын мэриясынын ардак грамоталарын тапшыруу менен бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалады.


Ошондой эле калаа башчысы  куруучулар шаардын өнүгүүсүнө кошкон салымы зор экенин белгиледи.


Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэрлери Бакытбек Дюшембиев жана Геннадий Милицкий, Бишкек башкы архитектуранын башчысы Бакытбек Абдиев, курулуш тармагында иштеген түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери катышты.