ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык кызматтардын кызматкерлери коло байгенин ээси Иззат Артыковду жеңиши менен куттуктайт

«Тазалык», «Жашылдандыруу курулуш», «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканалары Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан жайкы олимпиадалык оюнда коло медалга ээ болгон,  оор атлетчи Иззат Артыковду жеңиши менен куттуктайт жана бүгүнкү иштерин Кыргыз Республикасынан барган спортчуларга арнашат.

Учурда «Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасы Эркиндик бульварындагы куураган дарактарды кыркууда жана Раззаков көчөсү боюнча авариялык абалдагы бактарды кыркуу иштерин өткөрүүдө.


«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын майрамдоого даярдыктарды көрүүнүн алкагында "Ала-Тоо" аянтында тамат таштарды алмаштыруу иштерин өткөрүп жатат.


«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы калаанын бардык райондорунда кварталдар аралык жана кичи райондордун ички жолдорун оңдоо иштерин жүргүзүүдө.


Бишкек шаарынын мэриясы Олимпиадалык оюндарга катышып жаткан Кыргызстандын бардык спортчуларына ийгилктерди жана жеңиштерди каалайт.