ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Жашылдандыруу курулуш» МИ Тыныстанов-Москва көчөлөрүндө кулаган бакты алды

«Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасы тарабынан  9-августта Тыныстанов-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде кулаган бакт  алынып салынды. Кулаган бак эки жеңил унааны басып калган. Эч ким жабыркаган жок. Укук коргоо органдарынын, «Жашылдандыруу курулуш» ишканасыннын  кызматкерлери жана унаанын ээс менен биргеликте акт түзүштү. Чыгымдын көлөмү соттук териштирүү учурунда билинет. Ал эми экинчи унаа туура эмес жерге токтотулгандыктан, айдоочу арыз жазуудан баш тартты.


Кулаган бак тууралуу шаар тургундарынан  WhatsApp колдонмосу жана Ыкчам чараларды көрүү «185» кызматына кайрылуулар келип түшкөндөн кийин жарым сааттын ичинде алынып, тазаланды.


Бишкек шаарынын мэриясы  шаар тургундарынан WhatsApp колдонмосу аркылуу  авариялык абалдагы бактар тууралуу билдирүүлөрдү төмөнкү номерлерге жиберүүсүн суранат.


 
Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0709721715;


Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554995509;


Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май  району) — 0558336640;


Матмусаев Марат Наманович (Свердлов району) — 0771934925.


185 кызматы  - WhatsApp 0554-182-185


Терең урматтоо менен, Бишкек шаарынын мэриясынын басма-сөз кызматы