Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын каттоосунда турган балдардын спартакиадасы жыйынтыкталды
- Подробности
- Опубликовано 09.08.2016 16:46
Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук администрациясынын жыйындар залында өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын каттосунда турган балдардын арасында өткөрүлгөн шаардык спартакиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо өткөрүлдү.
Спорттук салтанатка Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Ырысбек Мааткабылов жана Октябрь райондук администрациясынын башчысы Нурбек Курманбеков катышты.
Мелдеште биринчи орунду алган жеңүүчүлөр Ысык-Көлгө беш күнгө эс алууга барышат. Калган жеңүүчүлөр диплом, медаль, кубок жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Мелдешке бардык райондордон 200 ашык бала катышты. Мелдеш спорттун 6 түрү боюнча 2-августтан 5-августка чейин өткөрүлдү. Мындай спартакиаданын жыл сайын өткөрүү пландалууда.
Спартакиадада төмөнкүлөр жеңишке ээ болушту:
Кичи футбол боюнча: 1-орун – Ленин району, 2-орун – Свердлов району, 3-орун – Октябрь району;
Стол тенниси боюнча: 1-орун – Ленин району, 2-орун – Свердлов району, 3-орун – Октябрь району;
Сууда сүзүү боюнча: 1-орун – Октябрь району, 2-орун – Свердлов району, 3-орун – Ленин району;
Дартс боюнча: 1-орун – Ленин району, 2-орун – Свердлов району, 3-орун – Биринчи май району;
Таяк тартыш боюнча: 1-орун – Ленин району, 2-орун – Свердлов району, 3-орун Октябрь району;
Бука тартыш боюнча: 1-орун – Ленин району, 2-орун – Октябрь району, 3-орун – Свердлов району.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
26.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |