ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын «Токой мектебине» чакырат

10-августта саат 10:00до Элебесов көчөсү боюнча Кара-Жыгач токоюнда Бишкек шаарынын Борборлоштурулган китепканалар тармагы тарабынан уюштурулуп жаткан «Токой мектеби» иш-чарасы өткөрүлөт.

Иш-чарага окуучулар жана алардын ата-энелери, студенттер жана чыгармачылыкты жана китепти сүйгөн бардык каалоочулар чакырылат.


«Токой мектебинен» маанилүү жана пайдалуу маалыматтарды, мастер класстарды алууга, китеп көргөзмөлөрүнө, оюндарга, сынактарга катышууга болот.


Иш-чарада стол оюндары, сүрөттөр конкурсу, китептерди оңдоо боюнча мастер класстар жана сабактар уюштурулат.