ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын каттоосунда турган балдар арасында спартакиада башталды

Калаанын «Дордой» спорт комплексинде Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын каттоосунда турган балдар арасында спартакиаданын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Мелдешке бардык райондордон 200 ашык бала катышат.


Иш-чаранын башкы максаты балдар арасында укук бузууларды алдын алуу жана өспүрүмдөрдү спортко, сергек жашоого үндөө болуп саналат.


Спартакиаданын салтанаттуу ачылышы катышуучулардын салттуу жүрүшү менен башталды.


Салтанаттуу ачылышта Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Ырысбек Мааткабылов бардык катышуучуларды спартакиаданын ачылышы менен куттуктап, ийгиликтерди, жеңиштерди каалады жана мелдештин жеңүүчүлөрүнө Ысык-Көлгө беш күндүк жолдомо берерин белгиледи.


Спартакиаданын ачылышы концерттик программа менен коштолду.


Мелдештин ырааттамасы:


1.    Кичи футбол 2-августта саат 10:00до «Дордой» СК;
2.    Стол тенниси 5-августта саат 10:00до «Дордой» СК ;
3.    Дартс 3-августта саат 10:00до «Дордой» СК;
4.    Сууда сүзүү 4-августта саат 14:00до Асанбай к/р бассейнинде;
5.    Бкуа тартыш 3-августта саат 10:00до «Дордой» СК;
6.    Таяк тартыш 3-августта саат 10:00до «Дордой» СК өткөрүлөт.


Бардык суроолор боюнча 0557 888 686 (Абай Молдоканов) номуруна кайрылсаңыздар болот.