ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаардын түшүк бөлүгүнө веложол курууну баштады

Веложолду уюштуруу Бишкек шаарынын мэриясынын «Ачык мүмкүнчүлүктөр шаары» өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылууда.

Шаарда жарандар үчүн жолдо жүрүүнүн альтернативалык ыкмасы бышып жетилген. Алардын бирөө велосипед болуп саналат. Аны тебүү шаардыктардын убактысын жана акчасын үнөмдөйт.


«Бишкекасфальтсервис» МИ кызматкерлери Жукеева-Пудовкин – Токомбаев – Байтик Баатыр көчөлөрү менен чектешкен жерде айланма веложол куруп баштады. Жолдун узундугу 1,5 км, туурасы 3 метр.


Куруу иштери бүгүн, 29-июлда башталып, август айынын аягына чейин улантылат.