ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тазалык» МИ калаанын ирригация тутумдарын тазалоо иштерин жүргүзүүдѳ

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы кѳпүрѳлѳрдү жана ирригация тутумдарын тазалоо иштерин жүргүзүүдѳ.

Учурда Юнусалиев-Донецкий, Токтоналиев, Байтик Баатыр кѳчѳлѳрүнүн кесилишиндеги ирригацияларды тазалоо иштерин ѳткѳрүлүүдѳ. Мындай багыттагы иштер башка кѳчѳлѳрдѳ дагы улантылууда.
Ошондой эле таң эртеден баштап  «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жумушчулары жана МАБдардын короо шыпыргычтары  штаттык режимде иштешүүдѳ. Биринчи май району боюнча 156 кѳчѳ шыпыргыч жана 10 бирдик атайы техника, Октябрь районун боюнча  -97 кѳчѳ шыпыргыч, 12 унаа, Ленин районун боюнча  -119 кѳчѳ шыпыргыч жана 12 унаа жана Свердлов районун боюнча -125 кѳчѳ шыпыргыч, 10 атайы техника ишке тартылды.


Бишкек шаарынын мэриясы курулуш компанияларынан, соода күркѳлѳрүнѳн жана башка чарба субъектилеринен жана шаар тургундарынан тазалыкты сактоону жана шаардык кызматтардын жумушчуларынын эмгектерин сыйлоосун, ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тутумдарга таштанды таштабоосун ѳтүнѳт.