ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкектин борборуна “Көзайнек. Көзкараш” арт-эстелиги орнотулду

Бишкек шаарынын Жаштар аллеясына орнотулган “Көзайнек. Көзкараш” арт-эстелигинин салтанаттуу ачылышы ѳткѳрүлдү.

Долбоор DOXA art-group сүрөтчүлөр тобу тарабынан даярдалган. “Көз айнек” эстелигинин бийиктиги 2 метр, туурасы 6 метрди түзөт. Бул эстеликте адам укугун тууралуу маалыматты камтыгын текс бар. Оптикалык көрүнүштөгү текст бир караган адамга абада жазылгандай таасир калтырат жана көз айнек аркылуу гана окулат.


Ал эми түстүү кооздолгон “көз айнек” борбор калаанын студенттик районуна жаштыктын элесин берет.


Долбоор Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинин жана “Сорос-Кыргызстан” фондунун жаштар программасы  колдоосунда орнотулду.


Салтанаттуу ачылышка Бишкек шаарынын мэриясынын Ѳнүктүрүү агенттигинин директору Азамат Усубалиев, «Соро - Кыргызстан» фондунун директору Шамил Ибрагимов, Ленин райондук администрациясынын башчысы Нурдин Тынаев катышты.