ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык кафелер Бишкек шаарынын кѳрктѳндүрүү эрежелерин бузууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндѳ «Тарас Бульба» кафесинин айланасы (Масалиев кѳчѳсү боюнча 10 кичи район, 34 үй) антисанитардык абалга жетип, КТК чогултулгандыгы аныкталды.

СЭИ инспекторлору тарабынан «Тарас Бульба» кафесинин ээси Баранникова И.нин атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жѳнүндѳ» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.